Kyrgyz Football Union
3K subscribers
19.2K photos
716 videos
37 files
1.6K links
Кыргыз футбол биримдигинин расмий телеграм-каналы 🇰🇬
Download Telegram
АФКНЫН ФУТБОЛДУК МЕНЕДЖМЕНТ БОЮНЧА ПРОГРАММАСЫНЫН АЛГАЧКЫ МОДУЛУ ИЙГИЛИКТҮҮ ЖЫЙНТЫКТАЛДЫ

17-апрель күнү Кыргыз футбол биримдигинин кеңсесинде Азия футбол конфедерациясынын (АФК) Академиялык билим берүү борбору (ACE) менен биргеликте футбол администрациясы жана менеджменти боюнча ACFAM (AFC Certificate in Football Administration and Management) программасынын алгачкы модулу ийгиликтүү жыйынтыкталды.

Белгилей кетсек, бул программа АФКга мүчө болгон 47 өлкөнүн ичинен биринчи жолу Кыргызстанда өткөрүлүп жатат.

Программанын максаты - футбол тармагында иш алып барган адистердин квалификациясын жогорулатуу болуп саналат. Бул инновациялык программага Кыргыз футбол биримдигинин аймактык ассоциацияларынан, футболдук клубдардан, футбол академияларынан, лигалардан жана башка түзүмдөрдөн келген 33 адис катышууда.

Биринчи модул алкагында окуунун катышуучулары дүйнөлүк футболдун уюштурулушу жана стратегиялык башкаруу боюнча темалар менен таанышып, АФК дайындаган чет өлкөлүк эксперт жана адистерден баалуу билим алышты.

Программа аралаш форматта өтүп, онлайн жана офлайн форматта болот. Бул ыкма ийкемдүүлүктү камсыздап, сапаттуу билим алууга мүмкүндүк түзөт. Окуу курсу алты айга созулуп, 12 негизги модулду камтыйт. Ар бир модул интерактивдүү талкууларды, практикалык көнүгүүлөрдү камтып, катышуучулар алынган билимин өз ишинде колдонууга шарт түзөт. Программанын кийинки модулу май айында орун алат.

#kfu_kgz
ОШ ШААРЫНДА Б. СУЛТАНБАЕВ АТЫНДАГЫ ФУТБОЛ КАЛЫСТАР МЕКТЕБИНИН ЖАБЫЛУУ АЗЕМИ ӨТТҮ

Ош шаарындагы А. Момунов атындагы футбол академиясынын базасында Б. Султанбаев атындагы футбол калыстар мектебинин жабылуу аземи болуп өттү.

Алты айлык окууну ийгиликтүү аяктаган 6 бүтүрүүчү Кыргыз футбол биримдигинен калыстар үчүн атайын формаларды жана сертификаттарды алышты.

Иш-чарага Кыргыз футбол биримдигинин Аткаруу комитетинин мүчөсү, Калыстар комитетинин төрагасы Кочкоров Бахадыр Закирович, Ош облусу жана Ош шаары боюнча Футбол ассоциациясынын төрагасы Кадырбеков Нурсултан Жакыпович, калыстык өнүктүрүү боюнча регионалдык адис Талипжанов Исмаил Исакович, ошондой эле КФБнын инструкторлору Машенцев Дмитрий Владимирович, Орунбаев Ымамидин Тешебаевич жана Абдумажидов Ильхом Махмудович катышты.

#kfu_kgz
ТОКМОК ШААРЫНДА БАШТАЛГЫЧ МАШЫКТЫРУУЧУЛАР ҮЧҮН D КАТЕГОРИЯСЫНДАГЫ КУРС ӨТТҮ

15–17-апрель күндөрү Чүй облусунун Токмок шаарында балдар футболу боюнча башталгыч деңгээлдеги машыктыруучулар үчүн D категориясындагы окуу курсу өткөрүлдү.

Бул курс Кыргыз футбол биримдиги тарабынан уюштурулуп, өлкөнүн ар кайсы аймактарында балдар жана өспүрүмдөр футболун өнүктүрүү максатын көздөдү.
Окутууну Кыргыз футбол биримдигинин лицензияланган инструктору Амир Алимов жетектеди.

Курстун жүрүшүндө катышуучулар машыктыруучулук иштин негиздерин, жаш өзгөчөлүктөргө жараша машыгууларды уюштурууну, психология жана мотивация боюнча негизги темаларды өздөштүрүштү.
Программа теориялык сабактар менен практикалык машыгууларды айкалыштырып, катышуучуларга алган билимдерин дароо талаа шартында колдонууга мүмкүнчүлүк берет.

Окуу аяктаганда катышуучуларга D категориясындагы расмий сертификаттар тапшырылып, аларга Кыргыз футбол биримдигинин программаларынын алкагында балдар менен иш алып барууга укук берилди.
БАТКЕНДЕ АФКНЫН С ЛИЦЕНЗИЯСЫ БОЮНЧА КУРСТУН БИРИНЧИ МОДУЛУ ИЙГИЛИКТҮҮ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

Баткен шаарында Азия футбол конфедерациясынын (АФК) С категориясындагы лицензия алуу боюнча машыктыруучулар курсу ийгиликтүү аяктады. Бул окуу курсу Кыргыз футбол биримдиги тарабынан уюштурулуп, региондордогу машыктыруучулардын кесиптик деңгээлин жогорулатуу максатын көздөдү.

Курсту башкы инструктор Мирзалиев Алмазбек жетектеп, ага ассистент инструктор катары Эрбутаев Олег көмөктөштү. Окууга жалпысынан 16 катышуучу тартылып, алар теориялык жана практикалык сабактар аркылуу заманбап машыктыруучулук көндүмдөрдү өздөштүрүштү.

Программа АФКнын талаптарына ылайык түзүлүп, футболдук машыгууларды пландоо, оюнчулардын техникалык жана тактикалык даярдыгы, ошондой эле оюн анализи сыяктуу темаларды камтыды.