Kyrgyz Football Union
2.99K subscribers
19.3K photos
716 videos
37 files
1.6K links
Кыргыз футбол биримдигинин расмий телеграм-каналы 🇰🇬
Download Telegram
НАРЫН ШААРЫНЫН «АЛА-ТОО» БОРБОРДУК СТАДИОНУ ТОЛУГУ МЕНЕН РЕКОНСТРУКЦИЯДАН ӨТӨТ

Нарын шаарынын «Ала-Тоо» борбордук стадиону 1974-жылы колдонууга берилген. Шаардын негизги спорттук объектиси болуп саналган стадион эскиликке жетип, ушул жылдын аралыгында капиталдык ремонттон өткөн эмес.

3,48 га жер тилкесиндеги орун алган объектиде жаңы стадион курулат.

Стадиондун чыгыш жана батыш тараптарында трибуналар орун алып, анын жалпы сыйымдуулугу 4500гө жетет. Ал эми үч кабаттуу трибуналар алдында жайгашкан корпустун биринчи кабатында кийим алмаштыруучу бөлмөлөр, мелдештерди өткөрүү үчүн функционалдык бөлмөлөр (медиа-центр, машыктыруучулар үчүн бөлмөлөр, допинг контроль бөлмөсү) салынат. Корпустун экинчи кабатынынын ичинде VIP-орундуктар жайгашып, үчүнчү кабатта ТВ адистери жана комментаторлор үчүн бөлмөлөр жайгашат.

Стадиондун оюн талаасы жасалма газондуу болуп анын айласында чуркоо аянтчасы курулуп, спорт сүйүүчүлөрдүн машыгуусу үчүн ыңгайлуу шарт түзүлөт . Ал эми стадиондун жарык берүүчү шам-чырактар менен жабдылып, футболдук беттештерди жана иш чараларды кечки убакытта өткөрүүгө шарт түзүлөт.

Стадионго караштуу аймакта футбол аренасынан сырткары воркаут аянтчасы, фудкорт аянтчасы орун алып, стадиондун айланасында жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштери жүргүзүлөт.

Ошондой эле, стадиондун аймагында массалык иш-чаралар үчүн 120 унаага ылайыкталган унаа токтотуучу жай курулат.

-

ЦЕНТРАЛЬНЫЙ СТАДИОН «АЛА-ТОО» ГОРОДА НАРЫН БУДЕТ ПОЛНОСТЬЮ РЕКОНСТРУИРОВАН

Центральный стадион «Ала-Тоо» города Нарын был введён в эксплуатацию в 1974 году. Будучи главным спортивным объектом города, стадион с тех пор ни разу не проходил через капитальный ремонт и утратил современный облик.

На данной территории площадью 3,48 гектара будет построен новый стадион.

С восточной и западной сторон разместятся трибуны, общая вместимость которых составит 4500 зрителей. На первом этаже здания, расположенного под трёхэтажными трибунами, будут обустроены раздевалки и функциональные помещения для проведения соревнований (медиа центр, комнаты для тренеров, помещение для допинг-контроля). На втором этаже будут расположены VIP-места, а на третьем — комнаты для телевизионных специалистов и комментаторов.

Игровое поле стадиона будет состоять искусственного газона. Вокруг него обустроят беговую дорожку, что обеспечит комфортные условия для тренировок любителей спорта. Стадион оснастят прожекторами, позволяющими проводить футбольные матчи и другие мероприятия в вечернее время.

На прилегающей территории, помимо футбольной арены, появятся воркаут-площадка и фудкорт. Вокруг стадиона будут проведены работы по озеленению и благоустройству. Кроме того, на территория стадиона будет оснащена парковкой, рассчитанную на 120 автомобилей.

#kfu_kgz
ФУТБОЛ АЯНТЧАЛАРЫНА КАМ КӨРҮҮ БОЮНЧА СЕМИНАРДЫН КАТЫШУУЧУЛАРЫНА СЕРТИФИКАТТАР ТАПШЫРЫЛДЫ

Бүгүн, 17-апрелде, Кыргызстанда өткөрүлгөн гибриддүү жана табигый газон менен жабдылган футбол талааларына кам көрүү боюнча эки күндүк практикалык семинар жыйынтыкталды.

Кыргыз футбол биримдиги жана ОсОО «Арго компани» тарабынан уюштурулган иш-чарага өлкөбүздүн бардык футбол клубдарынан, борбордук стадиондордон жана футбол академияларынан келген адистер катышты. Семинардын жүрүшүндө катышуучулар талааларды туура пайдалануу, жер семирткичтерди колдонуу, газонду сугаруу жана кыркуу, газондун оорулары жана тамыр системасы боюнча актуалдуу темаларды талкуулашты.

Семинарды Түркиядан чакырылган газон боюнча эксперт Үнал Чаглаян жана Кыргыз футбол биримдигинин өкүлү Рахат Шыгаев алып барышты.

Семинардын соңунда бардык катышуучуларга атайын сертификаттар тапшырылды. Сертификаттарды Кыргыз футбол биримдигинин Башкы катчысы расмий түрдө тапшырып, мындай иш-чаралар футбол аянтчаларынын сапатын жакшыртууга жана оюнчулардын коопсуздугун камсыздоого чоң салым кошоорун белгиледи.

#kfu_kgz