Эльвира Сурабалдиева
1.01K subscribers
81 photos
967 videos
46 links
Эл өкүлү, Жогорку Кеңеш// Депутат VII созыва парламента Кыргызской Республики 🇰🇬 Расмий э-почта: [email protected]
Download Telegram
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
«Азаттык» радиосунун аялдар тууралуу подкастына катышып, басып өткөн кесиптик жолум, гендердик теңчилик жана саясаттагы аялдар үчүн маанилүү болгон жагдайлар тууралуу ой бөлүштүм. Маек үчүн алып баруучусу Айгерим Акылбековага ыраазычылык билдирем.

Толук маекти шилтеме аркылуу көрсөңүздөр болот: https://youtu.be/z5C6kpw3B9Q?si=TaWMgYBUikHNBFmq
❤5👍3🔥2
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы макулдашуунун алкагындагы биринчи фазадагы ирригациялык долбоорлор.

Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйыны / 15.09.2026
❤4🔥1
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
Ошто жана Өзгөндө аялдарга карата зомбулук иштеринин анча оор эмес кылмыш катары каралып жатканы боюнча арыздар түшүүдө.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйыны / 16.09.2026
❤3🔥1👏1
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
Окуу процессин мүмкүн болушунча жөнөкөйлөтүп, биринчи кезекте көп китеп көтөрүп жүрүү зарылдыгын азайтып, заманбап технологияларды кеңири колдонуу керек.
❤4🔥1👏1
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
67-мектептин биринчи кабатын кайтарып берүү үчүн 9 ай бою күрөшүп, акыры маселени аягына чыгарып, мектепке кайтарып бергенбиз.

Бүгүн болсо ушул маселе боюнча дагы бир маалымат жөнөтүлдү. Анда айтылган жагдайлар олуттуу текшерүүнү талап кылат деп эсептейм.

Ошондуктан бул боюнча Башкы прокуратурага расмий кайрылып, мыйзамдуулугун жана бардык жагдайларын текшерүүнү өтүнөм.

•••

В течение девяти месяцев мы добивались возвращения помещений на первом этаже школы №67 в Бишкеке. В итоге нам удалось довести дело до конца и вернуть их школе.

Сегодня поступила информация об аналогичной ситуации в школе № 8. Считаю, что все изложенные обстоятельства требуют тщательной проверки.

В связи с этим официально обращаюсь в Генеральную прокуратуру с просьбой проверить законность передачи помещений и дать правовую оценку ситуации.

Видео: @merkanov_adilet
👏4🔥1
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
Мектептерде жана бала бакчаларда тамак-аштын сапатын, ошондой эле аны жеткирүү боюнча өткөрүлгөн тендерлерди текшерип берүүнү өтүнөм.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйыны / 24.09.2026
❤6🔥2👏1
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
Учурдагы система психикалык оорулары бар адамдарды каттоо, стационарга жаткыруу жана чыгаруу менен гана чектелет. Андан кийин аларды коштоо жана көзөмөлдөө жүргүзүлбөйт, бирдиктүү реестр жок, абалы жана жашаган жери боюнча текшерүү да каралган эмес.

Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелер комитетинин жыйыны / 28.09.2026
❤3👏2🔥1
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
«Мурас-Ордо» конушундагы көлмөлөрдүн тургундарга жараткан көйгөйлөрү

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйыны / 30.09.2026
❤4🔥2
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
Өз убагында жогорку билим ала албай калган жарандар билим алуу системасын кайра карап чыгуу өтүнүчү менен кайрылышууда.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйыны / 30.09.2026
❤2🔥2
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
Спорттук машыктыруучулар (тренерлер) машыктыруучулук кызмат көрсөтүүгө патент киргизүү мүмкүнчүлүгүн карап берүүнү суранып кайрылышууда.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйыны / 30.09.2026
🔥4❤1
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
Бишкек мэриясынан Биринчи Май районундагы Кара-Балта көчөсүн кеңейтүү боюнча так маалымат берүүнү сурадым. Жол боюндагы имараттарды бузуу маселеси кайра көтөрүлүп, тургундар тынчсызданып, бирок тиешелүү маалымат жок деп кайрылып жатышат.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйыны / 30.09.2026
🔥2❤1
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
Квартал башчылары социалдык жана чарбалык маселелерден тартып, үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу, кароосуз жаныбарлар жана коомдук иштерге чейин көп милдетти аткарып, айына болгону 6 миң сом алышарын айтышты.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйыны / 30.09.2026
❤3🔥3👍1
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
Мопед менен скутерлерди каттоо туура деп эсептейм. Бирок жеткирүү кызматтарында иштеген жаштар үчүн азыр бир топ тоскоолдуктар бар. Мисалы, айрым мопеддерди каттоо үчүн алгач аларды легалдаштыруу керек, ал эми А1 категориясын алуу үчүн окуу да жаштарга өтө кымбат. Өкмөттөн бул маселени чечип, жаштарды жумушсуз калтырбоону сурандым.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйыны / 30.09.2026
🔥2❤1
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
Үй-бүлөлүк зомбулуктан аялдардын каза болгон учурларын көзөмөлгө алууга чакырам. Ош жана Кара-Балта шаарларында каза болгон жаш аялдардын жакындары бул фактылар боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге нааразы болуп кайрылышууда.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйыны / 01.10.2026
❤4👍1🔥1
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
«Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жөнүндө» мыйзам долбоору тууралуу. Мага мамлекетке кайтарылган мүлктөр мамлекет кызматкерлердин короолорунан табылып жаткан учурлар боюнча кайрылуулар түшүүдө. Мындай көрүнүштөр коомчулуктун ишенимине доо келтирип, көптөгөн суроолорду жана түшүнбөстүктөрдү жаратууда.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйыны / 01.10.2026
👏2❤1🔥1
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
Эмне үчүн кыймылдуу мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү Министрлер Кабинетинин өзүнчө жобосу менен жөнгө салынарын сурадым.

Мындай өзгөртүүлөрдөн кийин кайтарылган мүлктөр бийликке жакын адамдардын колуна өтүп кетүү коркунучу жаралбайбы?

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйыны / 01.10.2026
👏2❤1🔥1
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
Министрлер Кабинетинин Төрагасы мамлекеттик органдарда жана мамлекеттик ишканаларда ички аудитти күчөтүүнү демилгелеген шартта, электрондук аудит, маалыматтардын купуялуулугу жана ички аудиторлордун көз карандысыздыгы боюнча маселелерди көтөрдүм.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйыны / 01.10.2026
🔥3❤1👏1
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
Каржы министрлиги баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүгө багытталган мыйзам долбоорун сунуштоодо. Жаңы ченемди канча компания колдоно алат жана өткөн жылдар үчүн дивиденд төлөөгө канча каражат багытталышы мүмкүн?

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйыны / 01.10.2026
🔥3❤1👏1
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
Салык кызматкерлери салык купуялуулугун бузган учурда кылмыш жоопкерчилигине тартуу тартиби жаңы мыйзамдан алынып калганы кандай болот?

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйыны / 01.10.2026
🔥3👏1
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
Парламентке келген ар бир жетекчи депутаттын мандатын сыйлап, кызматтык этиканы сакташы керек. Депутаттар бул жерде талашуу үчүн эмес, шайлоочулардын үнүн жеткирүү үчүн отурат деп эскертким келет.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйыны / 01.10.2026
❤4🔥1