«Азаттык» радиосу
4.85K subscribers
4.08K photos
534 videos
29 files
7.09K links
«Азаттык» радиосунун кызыктуу маалыматтарын окуңуз.
Кайрылуулар үчүн: @azattyk_elunu +996550988755
Орусча канал: @azattykrus
Download Telegram
Садыр Жапаров фамилияны тандоого мүмкүнчүлүк берген мыйзамга кол койду

Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктардын аты-жөнүн тандоо мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү боюнча мыйзамга 18-июлда кол койду. Документти Жогорку Кеңеш 11-июндагы жыйынында кабыл алган.

"Аталган мыйзам кыргыз каада-салттарына жана маданий өзгөчөлүктөрүнө ылайык фамилия тандоо мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү максатында кабыл алынган",-деп жазылган президенттин администрациясы тараткан маалыматта.

Парламентте талкуу маалында бул долбоордун авторлорунун бири Мирлан Самыйкожо документти президент аны артка кайтаргандан кийин комиссия түзүлүп, баары макулдашылганын билдирген.

Мыйзамда жарандардын тегатын (фамилиясын, атасынын атын) жазууда үч вариант сунушталган.

– атасынын ысымы боюнча эркек жынысындагы балдар үчүн “уулу” деген сөз жана аял жынысындагы балдар үчүн “кызы” деген сөз кошулуп же кошулбастан жазылат. Бул учурда балага атасынын аты ыйгарылбайт;

– чоң атасынын ысымы боюнча ага мүчө уланбастан жазылат, ошондой эле ата-энесинин каалоосу боюнча атасынын ысымы кошулушу мүмкүн;

– чоң атасынын ысымы боюнча ага “тегин” деген сөз кошулуп жазылат, ошондой эле ата-энесинин каалоосу боюнча атасынын ысымы кошулушу мүмкүн, же болбосо атасынын ысымына эркек жынысындагы балдар үчүн “уулу” деген сөз, аял жынысындагы балдар үчүн “кызы” деген сөз кошулуп жазылат. Түздөн-түз туугандык байланышын тастыктоочу документтери болгондо же ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын архивинде алар болсо, ата-энесинин каалоосу боюнча балага жети атасына чейинки ата-бабаларынын аты боюнча фамилия берилиши мүмкүн.

Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, учурда Кыргызстанда аты-жөнүн жазуунун бир канча вариантына жол берилет. Жаран фамилиясына чоң атасынын ысымын жана ага “тегин” мүчөсүн кошуп каттала алат. Мындан тышкары “уулу”, “кызы” болуп жазылса болот. Ошондой эле “-ов,-ев, -ова, -ева” мүчөлөрү кошулган фамилияларды тандай алат. Ал эми башка улуттардын өзүнүн каада-салтына жараша аты-жөнүн тандоого уруксат берилет. https://www.azattyk.org/a/33481509.html
6
Түркиянын Стамбул шаарында орус-украин сүйлөшүүлөрүнүн кезектеги айлампасы өткөнү жатат. Көпчүлүктүн көңүлү сүйлөшүүдөн эмне майнап чыгат деген суроого бурулуп турат.

Кыргызстан Орусиянын миграциялык борборлоруна узун кезектер пайда болгонун эскертип, орус бийлигин мигранттардын документтерин кабыл алуу үчүн кошумча терезелерди ачууга үндөдү.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев дарыгерлерге жана медицина кызматкерлерине зордук-зомбулук көрсөткөндөргө жазаны күчөтүүнү тапшырды. Ушул айда коңшу өлкөдө бейтаптар дарыгерди сабап койгон бир нече учур талкуу жараткан эле.
🤨31
Бишкектин Капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчилери иштен кетти

Бишкек шаардык мэриясына караштуу Капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Болот Чолпонбаев жана анын орун басарлары Болот Апилов менен Адилет Турдуев иштен алынды.

Мэриянын басма сөз кызматы аларды шаар башчысы ишиндеги кемчиликтерден улам кетиргенин билдирди.

“Буга чейин мэр Айбек Жунушалиев Ленин жана Биринчи май райондорунун санитардык түйүндөрүн текшерген, анда аткарылган иштердин сапаты жана көлөмү, көзөмөлдүн начардыгынан улам сын-пикир айтылган. Жооптуу кызматтарга мыйзам бузууларды тез арада жоюу тапшырмасы берилди”,-деп жазылган маалыматта.

Мэрияда соңку апталарда бир топ кадрдык өзгөрүүлөр, камоо менен коштолгон кызматтан алуулар болуп жатат.

Мунун алдында Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Айбек Жунушалиевдин кадр саясатын сынга алган. https://www.azattyk.org/a/33482480.html
5
“Операциядан кийин бетим кыйшайды”. Пластикалык хирургия көйгөйү

Кыргызстанда пластикалык хирургия соңку жылдары кеңири жайылды. Муну менен катар эле андан зыян тартканын айтып даттангандар болууда. Саламаттык сактоо министрлиги жыл башынан бери 20дан ашык арыз түшүп, 18 адам ботокс процедурасынан кийин ууланганын билдирди. Министрлик кыска окуу курстарынан кийин эле колуна бычак кармап, медициналык косметологияга өткөндөр көйгөй жаратып жатканын айтууда.

Кыска убакыттын ичинде эле кеминде алты адам “Азаттыкка” пластикалык операциядан кийин ден соолугу бузулганын айтып кайрылды.
Кененирээк макаладан окуңуз:
➡️ https://www.azattyk.org/a/33481865.html
Түндүк-түштүк кошумча жолуна таш түшүп, каттам убактылуу токтотулду

Түндүк-түштүк кошумча жолунун 282-чакырымына 24-июлда 12.30дар чамасында таш кулап, убактылуу жабылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы кабарлады. Жолду тазалоо жүрүп жатканын кабарлап, айдоочуларды зарыл иши болболсо жолго чыкпай турууну эскертти.
Балыкчы – Кочкор – Чаек – Арал – Казарман – Жалал-Абад аркылуу өткөн 433 чакырымдык бул жол өлкөнүн эгемен тарыхындагы эң дымактуу долбоор катары айтылып жүрөт. Анын 200 чакырымга жакыны мурда жол такыр түшпөгөн тилкелер аркылуу салынган.
Бул жолду куруу 2015-жылы башталган жана долбоорго 937 миллион долларлык насыя алынган (46 миллиону - грант). Бул каражаттын 560 миллиону өздөштүрүлгөн деп айтылган болчу. Негизги инвесторлор – Кытайдын Эксимбанкы, Азия өнүктүрүү, Ислам өнүктүрүү банктары. Курулушту Кытайдын China Road & Bridge Corporation ишканасы жүргүзүүдө. https://www.azattyk.org/a/33482612.html
2
Орусиянын Ыраакы Чыгышында жүргүнчү салган Ан-24 учагы кырсыкка учурады. Борттогу 49 адамдын бири да аман калган жок.

Украинанын Одесса аймагы жапырт дрон чабуулуна туш болду. Орус-украин делегацияларынын Стамбулдагы сүйлөшүүсү жарым саатка гана созулду.

Кыргызстанда электр энергиясын керектөөнүн бир суткалык көрсөткүчү рекордук чекке жетти. "Кыргызстан улуттук электр тармактары" ишканасы жарандарды жарыкты сарамжал колдонууга чакырды.
3
Энергетика министрлиги электр энергиясын колдонуу эң жогорку чекке жеткенин билдирди

Энергетика министрлиги 22-июлда электр энергиясынын керектөөнүн бир күндүк көрсөткүчү 44 миллион 124 миң киловатт саатка жеткенин, бул жай айындагы эң жогорку чек, рекорд экенин билдирди. Мындан улам жарандарды сарамжал болууга чакырды.

“Салыштыруу үчүн айтсак, 2024-жылдын 22-июлунда бул көрсөткүч 36 миллиондун кВт.с тегерегинде болгон. Керектөөнүн өсүшүнө күн ысыкта кондиционерлердин жана муздаткычтардын көп колдонулушу, электр энергиясын керектөөчүлөрдүн саны жыл сайын орточо 30 миң абонентке көбөйүп жатканы, жаңы көп кабаттуу үйлөрдүн жана өнөр жай объекттеринин пайдаланууга берилиши себеп болууда. Жарандарды электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууга чакырабыз”,-деп жазылган маалыматта.

Апрелде Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев электр энергиясынын баасын көтөрүү каралган токтомго кол койгон.

Ага ылайык, 1-майдан баштап Кыргызстанда электр энергиясынын баасы 26 тыйынга кымбаттап, 1 кВт саат электр энергиясынын наркы 1 сом 37 тыйынга чыккан. Ал эми 700 кВт сааттан ашкандан кийин азыр 2,39 сомдон эсептелсе, эми 2,60 сомго жогорулаган.

Ал эми электр жарыгын өнөр жай үчүн колдонгондор ага чейин 1 кВт саат электр энергиясына 3 сом 18 тыйындан төлөп келсе, 1-майдан тарта 3 сом 49 тыйын болуп көтөрүлгөн.

Расмий маалыматка ылайык, 2025-жылдын январына карата Кыргызстанда 1 млн 585 миң абонент бар. Анын ичинде 1 млн 472 миң 837 катардагы абонент 7,79 млрд кВт саат электр жарыгын колдонот. 6,47 млрд кВт саат электр энергиясын өнөр жай ишканалары пайдаланат.

Кыргызстан жыл сайын 17,5 млрд кВт саат электр энергиясын колдонот деп эсептелсе, анын 14,8 миллиарды гана өлкөдө өндүрүлөт. Калган айырманы импорттун эсебинен жабууга туура келет. https://www.azattyk.org/a/33483431.html
Макрон Франция Палестина мамлекетин тааныйт деген чечим кабыл алганын билдирди

Франциянын президенти Эммануэл Макрон расмий Париж Палестина мамлекетин тааный турганын сентябрда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы Ассамблеясынын жыйынында жарыяларын билдирди. Ал бул тууралуу Х социалдык тармагындагы баракчасына жазды жана Палестинанын башчысы Махмуд Аббаска жолдогон катын кошо тиркеди.

“Жакынкы Чыгыштагы адилет жана бекем тынчтыкты камсыз кылуудагы өзүмдүн тарыхый милдеттемеме бекем туруудан улам мен Франция Палестина мамлекетин тааныйт деген чечим кабыл алдым. Мен бул тууралуу сентябрда БУУнун Башкы Ассамблеясынын жыйынында салтанаттуу түрдө жарыялайм”,

-деп жазды Макрон.

Ал ошондой эле согушту чукул арада токтотуп, туткундардын баарын бошотуп, Газадагы элге көлөмдүү гуманитардык жардам көрсөтүлүшү керектигин, ХАМАСтын демилитаризациясын камсыздап, Газаны калыбына келтирүү зарылдыгын кошумчалады.

Палестинанын жетекчилери Макрондун чечимин кубатташты.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху болсо бул кадам ХАМАСтын 2023-жылдын 7-октябрындагы кол салуусунан кийин “террорду сыйлоо” болорун билдирди.

Учурда Палестина мамлекетин БУУга мүчө 193 өлкөнүн 140тан ашыгы тааныган. Алардын арасында Орусия, Кытай жана Европа Биримдигиндеги Испания, Польша өңдүү мамлекеттер бар.

Британия менен АКШ палестиналык мамлекетти тааныган эмес.

Кошмо Штаттарынын мамлекеттик катчысы Марко Рубио жумага караган түнү Макрондун мындай планын караманча четке кагышарын жарыялады.
https://www.azattyk.org/a/33483436.html
15😁1🤮1
"Текшерүү абдан катуу". 103 миңден ашуун кыргыз жараны Орусиянын "кара тизмесинде"

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги “Азаттыкка” берген маалымат боюнча, бул өлкөдө мыйзам бузууларга байланыштуу көзөмөлдөөчү реестрге ("кара тизме") кирген кыргызстандыктардын саны 103 миңге жетти. Алардын 30 пайызы балдар.

Элчилик ушул тапта Орусиянын аймактарында мигранттарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатканын кошумчалады.

Мунун алдында тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов менен жолугуп, "кара тизмедеги" кыргыз жарандарынын укуктук абалын жөнгө салуу чараларын талкуулаган.

Орусия мигранттарга байланыштуу жаңы эрежелерди киргизип, сентябрга чейин документтерин мыйзамдаштыруу талабын билдирген.

Документтерин мыйзамдаштырууга берилген мөөнөт жакындаган сайын миграциялык борборлордо, полиция бөлүмдөрүндө узун кезектер пайда болууда. Мигранттар “кара тизмеден” чыгуунун машакаты оңой-олтоң болбой жатканына даттанып, тоскоолдуктар тууралуу айтып жатышат. Кененирээк макаладан окуңуз: ➡️ https://d323ck33ojcktl.cloudfront.net/a/33483680.html
1😁1
Франция жакын арада Палестин мамлекетин тааный турганын жарыялады. Палестин автономиясы бул чечимди кубаттаса, Израил менен Америка Парижди катуу сындады.

Орусияда көзөмөл реестрине же "кара тизмеге" кирген кыргызстандыктардын саны 103 миңден ашты. Мигранттар бул реестрден чыгуу түйшүк жаратып жатканын, тоскоолдуктар бар экенин айтышууда.

Соңку эки ай ичиндеги эки жоокердин өлүмүнөн кийин президент Садыр Жапаров Жаза аткаруу кызматынын башчысы Чыңгыз Кожошевге сөгүш берди. Расмий маалыматта жетекчи аскерлердин суицидин алдын алуу үчүн жетиштүү чара көрө албаганы айтылды.

#палестина #макрон #израиль
😁3
Жаңы гимндин беш варианты тандалып алынды, музыкасы үчүн сынак жарыяланды

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги жаңы гимдин беш варианты тандалып алынганын билдирди. Ага ылайык, мындай чечим 25-июлда гимнди өзгөртүү үчүн түзүлгөн мекемелер аралык комиссиянын жыйынында кабыл алынды. Эми ал тексттердин музыкасы үчүн кайра сынак жарыяланат.

“Сынакка 16-июндан 17-июлга чейин 79 жарандан 132 текст келип түшкөн. Долбоорлор сынактын акыйкат, таза өтүүсү үчүн авторлордун аты-жөнү көрсөтүлбөстөн комиссиянын кароосуна коюлду. Комиссия эң жогорку упай алган беш тексттин долбоорун тандап алды. Тандалып алынган тексттерге музыкалык чыгарманы жаратуу үчүн кайрадан сынак жарыяланат. Өтүнмөлөр 8-сентябрга чейин кабыл алынат”,-деп жазылган маалыматта.

Апрель айында аталган министрлик гимндин текстинин жана музыкасынын жаңы вариантына кайрадан сынак жарыялаган. Анда комиссия буга чейин сунушталган долбоорлорду угуп чыгып, талаптарга толук жооп бербейт деген бүтүмгө келген. Сынактын жобосу өзгөрүп, биринчи этапта гимндин тексти тандалып, экинчи этапта ага музыка жазылат деп чечилген. Анда 488 жарандан жалпысынан 703 сунуш келип түшкөнү, анын ичинен бардык талаптарга жооп берген 165 жарандан 285 долбоор каттоодон өткөнү белгилүү болгон. https://www.azattyk.org/a/33484382.html
👎5
ИИМ: чоң жолдордо сол тилкеде жай айдагандарга айып пул салына баштайт

Ички иштер министри Улан Ниязбеков ушул жылдын 1-сентябрынан тартып жол жүрүү маданиятын сактабаган айдоочуларга айып пул салына баштарын эскертти. Ал айрыкча Бишкек-Ысык-Көл, Бишкек-Ош, Бишкек-Торугарт жолдорунда сол тилкеге түшүп алып жай айдагандардын айынан жол кырсыктары болуп жатканын айтты.

"Мисалы чет өлкөлөрдө трассаларда шашпай бара жаткандар оң тилке менен жүрөт, ылдам жүргөндөр сол тилке менен өтөт. Сол жак ар дайым бош болуп, ылдам жүрүүгө шарт түзүлөт. Бизде болсо тескерисинче, көп айдоочулар сол тилкеге түшүп алып, жай айдап, башкаларга тоскоолдук жаратып, жол бербейт. Жол жалгыз өзүнө таандык болгонсуп ортого дагы түшүп алгандар бар. Натыйжада шашып бараткан айдоочулар аргасыз оң жактан ашып өтүүгө аракет кылып, кырсыкка кабылып жатат. 1-сентябрдан тартып, президенттин жарлыгынын негизинде чоң трассаларда жол жүрүү маданиятын сактабаган айдоочуларга айып пул салынат. Жол коопсуздугун көзөмөлдөгөн кызматкерлер мындай айдоочуларды аныктап калса, айдоочулук күбөлүгү убактылуу алынат жана алар кайрадан экзамен тапшырууга милдеттендирилет",-деген Ниязбеков.

Май айында ИИМ жол эрежесин бузган айдоочуларды кайрадан экзаменге жиберүүнүн тартибин иштеп чыгып, мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарган. Анда ондон ашык жолу эреже бузгандардын, анын ичинде атайын белгиси жок машине айдагандардын жана жол эрежелерин одоно бузгандардын айдоочулук күбөлүгү убактылуу алынып, айдоочу өзү экзаменге жөнөтүү каралган. https://www.azattyk.org/a/33484400.html
👍72
"Киши жегич артыбыздан кубалап..." Казакстандагы ачарчылык, күбөлөрдүн эскерүүсү

Казакстанда 1930-жылдардын башындагы ачарчылыктан эки миллиондой киши кырылган. Көчмөндүк турмушта күн кечирген казактардын колундагы төрт түлүк малын тартып алып, күчтөп отурукташтыруунун аягы чоң кесепетке алып келген.

Казактын кең талаасында киши сөөгү чачылып, ачарчылыктан өлгөндөр көчө-көйдө көмүлбөй калган. Ошол апааттан аман калгандардын эскерүүлөрү азат бойду титиретет.

"Жолдон эмнелерди көргөнүбүздү сен сураба, мен айтпайын. Кишинин этин жеп, акылынан айныган бир киши артыбыздан кубалады. Эки күн качып жүрүп, кутулуп кеттик. Адамдын чачынан өрүлгөн жип кармап алыптыр. Балким, курмандыгын ошону менен муунтуп өлтүрсө керек...
Элдин абалы ушунчалык аянычтуу эле. Оо, Кудай, Балхаштын боюнда эл кырылып калыптыр. Камыштын түбүндө сөөктөр жайнайт. Эгер адамдар балык кармап жесе, аман калмактыр. Бирок адам балыкты эмес, балыктар адамды жеп жатты... "

Кененирээк шилтемеден окуңуз: ↩️
https://www.azattyk.org/a/33481811.html
😢5
Сот Имамидин Ташовду тогуз жылга эркинен ажыратты

Бишкектеги Биринчи май райондук соту ишкер, "KG Group" курулуш компаниясынын жетекчиси Имамидин Ташовду үй-мүлкүн конфискациялоо менен тогуз жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу анын адвокаты Асел Аргымбаева Фейсбуктагы баракчасына жазды.
Ташовдун соту былтыр октябрда башталган.
Улуттук коопсуздук комитетит (УКМК) Ташовду былтыр апрелде камакка алган. Атайын кызмат издөөдө жүргөн ишкер кыргыз-казак чек арасынан мыйзамсыз өткөн соң Чүйдүн Панфилов районунун Кайыңды айылында кармалганын билдирген.

Ташовго Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен айып коюлуп, кылмыш иши козголгон. Ишкер коюлган киненин баарын четке кагып келет. Андан сырткары алдамчылык беренеси менен козголгон бир канча иш тергелип жатканы маалымдалган.

Ал кыйноого кабылганын, начар шартта кармалып жатканын айтып өзүнө бир нече жолу кол салган жана ачкачылык кармаган.

Жаза аткаруу кызматы ишкердин дооматтарын четке каккан. https://www.azattyk.org/a/33485134.html
😱4
Америка Кошмо Штаттары (АКШ) жана Европа Биримдиги өз ара соода жүргүзүүдөгү бажы төлөмдөрүнүн шарттары боюнча маанилүү келишимге жетишти. Бул тууралуу Улуу Британиянын түндүгүндөгү Шотландия жергесинде Европа Комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен менен 27-июлда өткөн сүйлөшүүлөрдөн кийин Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп жарыялады.
Орусиянын "Аэрофлот" авиакомпаниясынын маалыматтык системасынын иши үзгүлтүккө учурап, 24 каттам убагында аткарылбай калды. Компаниянын серверине жасалган чабуулга жоопкерчиликти украиналык Silent Crow жана "Киберпартизандар BY" тобу алды.

Silent Crow "Аэрофлоттун" ички IT-инфраструктурасын бузуп кирип, жети миңдей сервер жок кылынганын билдирди.

Маалыматтарга караганда, хакерлер авиакомпаниянын "ички түйүнүндө" дээрлик бир жыл болушкан, натыйжада учуулардын таржымалын жүктөп алып, кызматкерлердин, анын ичинде жетекчилердин компьютерлерине көзөмөл орнотушкан.

Мунун алдында "Аэрофлот" сервистин ишин калыбына келтирүү үчүн адистердин тобу иштеп жатканын билдирген. Компания Шереметьево аба майданында үзгүлтүккө учураган каттамдардын жүргүнчүлөрүнө кайрылып, жүктөрүн алып аэропорттон кетип турууну өтүнгөн.

"Аэрофлот" Орусиядагы эң ири авиациялык топ, анын курамынан "Россия" жана "Победа" авиакомпаниялары кирет. "Аэрофлот" менен "Россия" 248, ал эми "Победа" 94 багытка такай каттайт.
🔥3😁2
Азаттык: Кечки радио эфир | 28.07.2025 | 103 миңден ашуун кыргыз жараны Орусиянын "кара тизмесинде"

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги “Азаттыкка” берген маалымат боюнча, бул өлкөдө мыйзам бузууларга байланыштуу көзөмөлдөөчү реестрге ("кара тизме") кирген кыргызстандыктардын саны 103 миңге жетти. Алардын 30 пайызы балдар.
Элчилик ушул тапта Орусиянын аймактарында мигранттарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатканын кошумчалады. https://www.youtube.com/watch?v=C6XdvqvzFIE
Бишкектеги ботаникалык бакта дарактар эмнеге куурап жатат? Адистер бакты реконстукциялоодо анын уникалдуулугун сактоо жагына көбүрөөк басып жасалса деп үмүттөнүшөт.

Газа тилкесине Египет тараптан гуманитардык жардам жеткириле баштаганы кабарланууда. Анын алдында Израил палестин анклавынын үч жеринде тактикалык тыныгуу жарыялап, гуманитардык жардам үчүн коридор ачарын убада кылган.

Камактагы ишкер Имамидин Ташовдун адвокаты райондук сотунун чечимине даттанып, шаардык сотко кайрыларын билдирди. Биринчи май райондук соту Ташовду 25-июлда үй-мүлкүн конфискациялоо менен тогуз жылга кескен эле.