🌐BATKEN_TV
1.22K subscribers
1.44K photos
2.13K videos
1 file
450 links
🇰🇬Баткендиктер үчүн атайын Telegram каналы!
🌎 Жаңылыктар биздин каналда!

📽 видео жаңылыктар болсо бизге жөнөтүңүз, каналга чыгарабыз 👇 @eldik_bloger
Download Telegram
#Ужас
Газадагылар бир сындырым нан үчүн күрөшүп жатышат


ЖМКлар гуманитардык жардам БАЭ жана Иордания таратып жаткан кадрларды көрсөттү.

Газада 130дан ашуун адам ачарчылыктан өлгөнү кабарланууда.
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Соцтармакта бул “акробат” эженин видеосу көпчүлүктү таң калтырууда

Ал суунун аркы беттиндеги үйүнө асылган зым менен өтүп баратканын көрүүгө болот. Видеонун автору “эже туулган күндөн келип, гүлү менен эми үйүнө баратат” деген.

Комментарийлерде бул Балыкчыдагы Таш-сарай айылы (Орто-Токой суусу) экенин жазышууда.
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Кытайда нөшөрдөн улам сел жүрүп, 30 киши каза болду

Чаобай дарыясынын аймагына 24-июлдан бери жааган жамгыр Миюнь суу сактагычындагы суунун көлөмүн соңку 60 жылдан берки эң жогорку деңгээлге жеткирген. Мындан улам Миюнь, Хуайжоу жана Фаншань райондорунан 80 миңден ашуун эвакуацияланган.
❗️15-августтан тарта Кыргызстанга интернет алып келүүгө мамлекеттик монополия киргизилет

Бир жылдык көзөмөлгө алуу боюнча жарлыкка Садыр Жапаров кол койду.

Интернетти өлкөгө алып келүү, жеткирүү укугу толугу менен жакында эле мамлекетке кайтарылган “ЭлКат” компаниясына берилет. Ал эми башка операторлор 2 айдын ичинде интернет алып келүү келишимдерин "ЭлКатка" өткөрүп бериши керек.

Ошондой эле "Акнет" компаниясынын 100% үлүшүн "ЭлКатка" өткөрүп берүү тапшырмасы коюлду.

Жарлыкта мындай кадам байланыш тармагын тартипке келтирип, санариптик инфратүзүмдү өнүктүрүү үчүн керектиги айтылат.
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
🤩Өлкөбүздө туризм өнүгүп, туристтердин көп келе баштаганы албетте сүйүндүрбөй койбойт. Бул жолу Кыргызстанга өзгөчө турист келди. Ал Швейцариянын жараны Дмитрий. Анын өзгөчөлүгү тук-тук унаасы менен келгендигинде.

Тук-тук — бул Түркия, Вьетнам, Таиланд, Камбожа сыяктуу өлкөлөрдө шаар ичин кыдыруу үчүн туристтерге арналган унаа кызматы. Дмитрий тук-тукту Камбожадан сатып алган. Жана бул унаа менен Швейцарияга чейин жетүүнү пландаган.

Биз Дмитрийдин тук-тук менен саякатына кызыгып, Кыргызстанга жеткенге чейинки басып өткөн жолу тууралуу маек курдук. 👇🏻
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курамасы Бахрейндин командасын акыркы мүнөттө жеңип алды

Бишкектеги достук мелдеши 4:3 эсеби менен аяктады. Спортчулар жума күнү дагы бир оюн өткөрүшөт. Бул 2026-жылы өтө турган Азия кубогунун тандоо оюндарына даярдык.
Камчаткада магнитудасы 8,7ге жеткен жер титирөө болду. Бул 1952-жылдан берки эң күчтүү зилзала экени айтылууда.

Камчаткада, Курил аралдарында, Япониянын бардык чыгыш жээктеринде, Аляскада, АКШнын Колифорния жана Орегон штаттарында цунами болору күтүлүүдө.

Цунаминин биринчи толкуну Батыш-Куриль аймагына чейин жетип, калктуу конуштарды жана балык иштеткен ишканаларды каптап кетти. Эл эвакуацияланууда.
❗️Бир ит менен 2 мышыктан көп багууга болбойт. Бишкек мэриясы шаарда жаныбарларды багуу боюнча жаңы жобо даярдады. Анда 2002-жылы кабыл алынган тартиптен айырмаланып, батир менен жер үйлөрдө канча жаныбар кармоого болору так айтылат.

Мисалы, жаңы жободо батирде жашаган бишкектиктерге бир ит (2 айга чейинки күчүктөрү менен) менен эки мышык (3 айга чейинки мыймыйлары менен) багууга уруксат берилет. Жер үйдө жашагандар 3 ит менен 3 мышыкка чейин бакса болот.

▪️Жаныбарлардын ээси аларды каттап, убагында эмдеп, тамак-ашын, шартын толук камсыздашы керек.

▪️Жандыктарды уруп-согуп, кордоого, көчөгө ыргытууга жана аларды кыйнаган, көңүл ачуучу оюндарга (уруштурууга) катыштырууга жол берилбейт.

▪️Мындан тышкары, шаардын Токомбаев, Чоң Чүй каналы, Ауэзов жана Алыкулов көчөлөрү менен чектешкен борбордук бөлүгүндө уй, эчки, тоок сымал жандыктарды кармоого тыюу салуу пландалган.

Жобону толугу менен бул жерден окуңуз.
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Бишкекте чатыры менен дубалдарына күн панелдери орнотулган ушундай имарат бар

Эми анда өндүрүлгөн электр энергиясын мамлекет сатып аларын Энергетика министрлигинен кабарлашты.

Бул станциянын кубаттуулугу — 1 мегаватт, бир жылда — с 1,17 млн киловатт/саат электр энергиясын өндүрөт.

Имарат мурда авариялык абалда болчу. Аны жеке компания сатып алып, күн панелдерин орноткон. Эми анын ордуна күн панелдерин чыгаруучу завод куруу пландалууда.
31-июль - Сүйүктүү китеп күнү

Китептин, айрыкча көркөм адабияттын биздин жашообуздагы орду эч нерсеге тең келбейт. Китеп адамдын дүйнө таанымын кеңейтип, билимин жогорулатат. 2006-жылдын 31-июлунда Амстердамдын китеп сүйүүчүлөрү Сүйүктүү китеп күнүн белгилешти. Алардын демилгеси башка өлкөлөрдө да колдоого алынып, ошондон бери жыл сайын 31-июлда Сүйүктүү китеп күнү белгиленип келет.31-июль - Сүйүктүү китеп күнү

Китептин, айрыкча көркөм адабияттын биздин жашообуздагы орду эч нерсеге тең келбейт. Китеп адамдын дүйнө таанымын кеңейтип, билимин жогорулатат. 2006-жылдын 31-июлунда Амстердамдын китеп сүйүүчүлөрү Сүйүктүү китеп күнүн белгилешти. Алардын демилгеси башка өлкөлөрдө да колдоого алынып, ошондон бери жыл сайын 31-июлда Сүйүктүү китеп күнү белгиленип келет.
❗️Президенттик администрациянын тапшырмасы менен Намыс кодекси иштелип чыкты

Маданият министрлиги долбоорду коомдук талкууга койду. Анда жаштарга, коомдук ишмерлерге жана элге арналган бирдиктүү моралдык стандарттар жазылган.

Ошондой эле адамдын коомдо өзүн кандай алып жүрүшү керектиги тууралуу да нормалар киргизилген:

⚫️коомдук жайларда өзүн маданияттуу алып жүрүү, жоопкерчиликтүү болуу

⚫️жалган маалымат таратуудан, бирөөнү кемсинтүүдөн, агрессиядан, басмырлоо жана жек көрүүдөн оолак болуу

⚫️соцтармакты жоопкерчилик менен колдонуу
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Ысык-Көлгө аты, иттери менен кирип кеткен кишинин видеосу коомчулуктун кыжырын келтирүүдө

Видео кайда, качан тартылганы белгисиз.
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Кербенде көлөмү бармактай мөндүр жаады
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Жоламан Шаршенбеков Польшадагы эл аралык турнирде алтын медаль алды

Спортчу 63 килограмм салмакта килемге чыккан.

Ал казакстандык атаандашын ири упай менен утуп, таза жеңишти камсыздаган.
Салам, тууган! Бүгүн ошентип августка аттандык.

Синоптиктер жума күнү республиканын көпчүлүк аймагында жамгыр жаай турганын айтууда.

Абанын температурасы Чүйдө +31...+36, Талас аймагында +28...+33, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +30...+35, Ысык-Көлдө +24...+29, Нарын өрөөнүндө +23...+28 градус ысык болот.