Пограничная служба ГКНБ КР
3.29K subscribers
838 photos
56 videos
30 links
Официальный телеграм-канал ПС ГКНБ КР. Главные события и новости
Download Telegram
ПРЕСС-РЕЛИЗ
2022-жылдын 17-сентябры


📍Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы 2022-жылдын 17-сентябры саат 21:00гө кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын Ош облусунун Чоң-Алай районундагы жана Баткен облусундагы тилкесинде кырдаал чыңалуу бойдон сакталып тургандыгын маалымдайт.

📍Саат 19:00дө Ош облусунун Чоң-Алай районунун Карамык жерлигиндеги кыргыз чек арачыларынын позицияларын аткылоо токтотулду.

📍Саат 21:00дө Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара ведомстволорунун жетекчилеринин кезектеги жолугушуусу «Гулистон-авто жол» (ТР) өткөрмө бекетинде өткөрүү пландаштырылган.

📍КР УКМКнын Чек ара кызматынын Чоң-Алай районундагы тарамдарынын өздүк курамы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги абалды турукташтырууга багытталган иш-чараларды жүргүзүүдө.
Пресс-релиз
«18» сентября 2022 г.


📌Управление информации и коммуникаций Пограничной службы ГКНБ Кыргызской Республики сообщает, что по состоянию на 08:30 18 сентября 2022 г. обстановка на кыргызско-таджикском участке государственной границы в Чон-Алайском районе Ошской области и в Баткенской области продолжает оставаться напряженной.

📌Ночь с 17 на 18 сентября прошла спокойно, без происшествий.

📌Подразделения Пограничной службы ГКНБ КР, дислоцированные на кыргызско-таджикскомучастке госграницы, несут службу в усиленном режиме.

📌Руководством страны принимаются все меры по стабилизации обстановки, пресечению попыток эскалации и провокаций конфликтов и решению возникающих вопросов мирным путём.
ПРЕСС-РЕЛИЗ
2022-жылдын 18-сентябры


❇️Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы 2022-жылдын 18-сентябры саат 08:30га карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын Ош облусунун Чоң-Алай районундагы жана Баткен облусундагы тилкесинде кырдаал чыңалуу бойдон сакталып тургандыгын маалымдайт.

❇️17-сентябрдан 18-сентябрга караган түн тынч, терс окуялар катталган жок.

❇️Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде жайгашкан КР УКМКнын Чек ара кызматынын тарамдары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшүүдө.

❇️Өлкө жетекчилиги кырдаалды турукташтыруу, чыр-чатактарды курчутуу жана провокациялоо аракеттерин басуу жана пайда болгон маселелерди тынчтык жолу менен чечүү үчүн бардык чараларды көрүп жатат.
Пресс-релиз
«18» сентября 2022 г.


↘️ Управление информации и коммуникаций Пограничной службы ГКНБ Кыргызской Республики сообщает, что по состоянию на 22:00 18 сентября 2022 г. обстановка на кыргызско-таджикском участке государственной границы в Чон-Алайском районе Ошской области и в Баткенской области продолжает оставаться напряженной с тенденцией к стабилизации.

↘️В рамках достигнутых договоренностей от линии государственной границы осуществляется отвод дополнительных сил и средств в пункты постоянной дислокации.

↘️Правоохранительные органы двух республик осуществляют контроль за общественным порядком на приграничных территориях и проводят совместное патрулирование автомобильной дороги Арка- Борбордук .

↘️Подразделения Пограничной службы ГКНБ КР, дислоцированные на кыргызско-таджикском участке госграницы, продолжают нести службу в усиленном режиме.
ПРЕСС-РЕЛИЗ
2022-жылдын 18-сентябры


📎Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы 2022-жылдын 18-сентябры саат 22:30гө карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын Ош облусунун Чоң-Алай районундагы жана Баткен облусундагы тилкесинде турукташтыруу тенденциясы менен кырдаал чыңалуу бойдон сакталып тургандыгын маалымдайт.

📎Жетишилген макулдашуулардын алкагында мамлекеттик чек ара сызыгынан туруктуу жайгаштыруу пункттарына кошумча күч жана каражаттар чыгарылып жатат.

📎Эки республиканын укук коргоо органдары чек ара аймактарында коомдук тартипти көзөмөлдөп, Арка-Бөрбордук унаа жолунда биргелешкен кайгуул-күзөт иштерин жүргүзүүдө.

📎Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде жайгашкан КР УКМКнын Чек ара кызматынын тарамдары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөнү улантууда.
Пресс-релиз
«19» сентября 2022 г.


🔻Управление информации и коммуникаций Пограничной службы ГКНБ Кыргызской Республики сообщает, что по состоянию на 08:00 19 сентября 2022 г. обстановка на кыргызско-таджикском участке государственной границы в Чон-Алайском районе Ошской области и в Баткенской области продолжает оставаться напряженной.

🔻Ночь с 18 на 19 сентября прошла спокойно, без происшествий; нарушений договоренностей о прекращении огня не зафиксированы.

🔻Подразделения Пограничной службы ГКНБ КР, дислоцированные на кыргызско-таджикскомучастке госграницы, несут службу в усиленном режиме.
ПРЕСС-РЕЛИЗ
2022-жылдын 19-сентябры


❇️Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы 2022-жылдын 19-сентябры саат 08:00гө карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын Ош облусунун Чоң-Алай районундагы жана Баткен облусундагы тилкесинде кырдаал чыңалуу бойдон сакталып тургандыгын маалымдайт.

❇️18-сентябрдан 19-сентябрга караган түн тынч өттү, терс окуялар катталган жок; ок атышууну токтотуу келишимдерин бузуулар катталган жок.

❇️Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде жайгашкан КР УКМКнын Чек ара кызматынын тарамдары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшүүдө.
ВЕЧНЫЙ ДОЗОР!

Руководство и личный состав Пограничной службы ГКНБ Кыргызской Республики понесли тяжелую и невосполнимую утрату.

В ходе вооруженной агрессии на кыргызско-таджикском участке государственной границы, защищая нашу Родину, мирное население Баткенской и Ошской областей, погибли военнослужащие Пограничной службы ГКНБ Кыргызской Республики.

Мужественные потомки Манаса остались верными Военной присяге и с честью выполнили поставленную задачу - не пропустили врага на территорию Кыргызстана, в очередной раз доказав, что пограничники – надежный щит страны.
Они избрали делом всей своей жизни служение Отечеству, отстаивая безопасность нашего многонационального народа, его право на жизнь и свободу.
Приняв огонь на себя, эти бесстрашные воины проявили героизм и отвагу в боевой обстановке.

В боях погибли солдаты, сержанты, прапорщики и офицеры, наши сыновья, братья, отцы.

Когда-то они поклялись, что не будут щадить своих сил, а если потребуется и жизни для защиты свободы и независимости Кыргызстана и выстояли до конца, уйдя в Вечный дозор!

Светлая память о погибших боевых товарищах навсегда останется в сердцах боевых товарищей и коллег.

Их имена будут вписаны в историческую летопись Пограничной службы.

Никакие слова сочувствия не смогут уменьшить горечь невосполнимой утраты. Мы все в неоплатном долгу у погибших.

Вечная память героям! Вечная память героям-пограничникам!

Выражаем глубокие соболезнования родным и близким, разделяем боль и горечь утраты.
    
__Руководство и личный состав Пограничной службы
ГКНБ Кыргызской Республики__
Түбөлүктүү даңк!

Кыргыз Республикасынын УКМК Чек ара кызматынын жетекчилиги жана өздүк курамы оор жана орду толгус жоготууга учурады.

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде орун алган куралдуу агрессияда Мекенбизди, Баткен жана Ош облустарынын жай тургундарын коргоп жатып Кыргыз Республикасынын УКМК Чек ара кызматынын аскер кызматкерлери каза тапты.

Манас атабыздын эр жүрөк урпактары Аскердик антка бек туруп, аларга коюлган тапшырманы ар намыстуулук менен аткарышты - душманды Кыргызстандын аймагына киргизишпей, дагы бир ирет чек арачылар өлкөбүздүн ишенимдүү калканы экендигин далилдешти.

Алар өз өмүрүндө Ата-Журтка ак ниет кызмат кылуу жолун тандашып, көп улуттуу элибиздин коопсуздугуна, эркин жашоо укугуна жан үрөп келишкен.
Атылган октон алоолонгон өттү көкүрөгү менен тосуп, эч нерседен коркпогон бул жоокерлер согуштук кырдаалда баатырдык жана эрдик көрсөтүштү.

Кагылышта биздин уул, ага-ини, ата болгон жоокерлер, сержанттар, прапорщиктер жана офицерлер курман болушту.

Кыргызстандын эркиндигин жана көз карандысыздыгын коргоо үчүн алар бардык күчүн жумшоого, керек болсо өз өмүрүн да курмандыкка чалууга даяр экендигине алардын ар бири качандыр бир убакта ант беришкен эле, ошол антка бек туруп Түбөлүктүү күзөткө кетишти!

Курман болгон күжүрмөн жолдоштордун жаркын элестери кесиптештеринин жүрөгүндө түбөлүккө сакталат.

Алардын ысымдары Чек ара кызматынын тарыхый барактарына жазылат.

Эч бир жоошуткан сөздөр орду толгус жоготуунун күйүтүн азайта албайт. Курман болгондордун алдында биз баарыбыз карыздарбыз.

Баатырларга түбөлүктүү даңк! Чек арачы-баатырларга түбөлүктүү даңк!

Алардын туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, азасын жана кайгысын тең бөлүшөбүз.

Кыргыз Республикасынын УКМК Чек ара кызматынын жетекчилиги жана өздүк курамы
💥 По итогам переговоров между делегациями Кыргызской Республики и Республики Таджикистан таджикская сторона передала кыргызской четверых военнослужащих ПС ГКНБ КР, задержанных таджикской стороной в ходе вооружённых столкновений на кыргызско-таджикском участке границы.

Пограничники вернулись в Кыргызстан через пункт пропуска "Кызыл-Бель - автодорожный"
📌Состояние у военнослужащих хорошее.

Один из них получил ранение.

В настоящее время всем военнослужащим оказывается необходимая медицинская помощь в лечебном учреждении Баткена.
Пресс-релиз
«20» сентября 2022 г.


Управление информации и коммуникаций Пограничной службы ГКНБ Кыргызской Республики сообщает, что по состоянию на 08:30 20 сентября 2022 г. обстановка на кыргызско-таджикском участке государственной границы в Чон-Алайском районе Ошской области и в Баткенской области характеризуется как относительно стабильная.

Ночь с 19 на 20 сентября прошла спокойно, без происшествий.

Подразделения Пограничной службы ГКНБ КР, дислоцированные на кыргызско-таджикском участке госграницы, продолжают нести службу в усиленном режиме.

По итогам переговоров между делегациями Кыргызстана и Таджикистана рабочие комиссии Сторон продолжат проведение мероприятий по деэскалации обстановки и проверке исполнения ранних договоренностей об отводе дополнительных сил и средств от линии государственной границы в места их постоянной дислокации границы.

Рабочие комиссии также рассмотрят предложения и решения, принятые в ходе встречи.
ПРЕСС-РЕЛИЗ
2022-жылдын 20-сентябры

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы 2022-жылдын 20-сентябры саат 08:30гө карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын Ош облусунун Чоң-Алай районундагы жана Баткен облусундагы тилкесинде кырдаал салыштырмалуу туруктуу деп мүнөздөлгөндүгүн маалымдайт.

19-сентябрдан 20-сентябрга караган түн тынч өттү, терс окуялар катталган жок.

Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде жайгашкан КР УКМКнын Чек ара кызматынын тарамдары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшүүдө.

Кыргызстан менен Тажикстандын делегацияларынын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча Тараптардын жумушчу комиссиялары кырдаалды деэскалациялоо жана кошумча күч жана каражаттарды мамлекеттик чек ара сызыгынан туруктуу жайгаштыруу пункттарына чыгаруу боюнча мурда келишилген келишимдердин аткарылышын текшерүү боюнча иш-чараларды улантат.

Жумушчу комиссиялар жыйындын жүрүшүндө кабыл алынган сунуштарды жана чечимдерди да карайт.
💥💥💥ВНИМАНИЕ!💥💥💥
⚠️Управление информации и коммуникаций Пограничной службы ГКНБ Кыргызской Республики сообщает, что на кыргызско-таджикском участке государственной границы в Чон-Алайском районе Ошской области и в Баткенской области, начиная с 20 сентября 2022 г., будут проводиться работы по обнаружению, очистке и обезвреживанию приграничных территорий от неразорвавшихся снарядов, мин, боеприпасов и других взрывоопасных средств.

🚧Места, где будут проводиться работы по разминированию, будут оцеплены и взяты под охрану.

➡️Данные мероприятия согласованы с соответствующими государственными структурами Кыргызстана и Таджикистана.

‼️В связи с этим Пограничная служба ГКНБ Кыргызской Республики призывает население приграничных сёл и городов сохранять спокойствие, не поддаваться провокациям и любую информацию уточнять в пограничных подразделениях либо местных органах власти.
📌Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын Ош облусунун Чоң-Алай районундагы жана Баткен облусундагы тилкесинде 2022-жылдын 20-сентябрынан тартып чек ара тилкелеринде снаряддар, миналар, ок-дарылар жана башка жарылуучу куралдар жарылбай калган аймактардан аныктоо, тазалоо жана зыянсыздандыруу иштери жүргүзүлө тургандыгын маалымдайт.

🚧Миналардан тазалоо иштери жүргүзүлө турган жерлер курчоого алынып, кайтарууга алынат.

📌Бул иш-чаралар Кыргызстандын жана Тажикстандын тиешелүү мамлекеттик түзүмдөрү менен макулдашылган.

‼️Буга байланыштуу КР УКМКнын Чек ара кызматы чек арага жакын жайгашкан айыл-кыштактардын жана шаарлардын калкын сабырдуулукка, чагымчыл аракеттерге алдырбоого жана тиешелүү маалыматтарды чек ара тарамдарынан же жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнөн тактоого чакырат.