КР Президенти
7.4K subscribers
20.8K photos
858 videos
95 files
3.51K links
КР Президентинин расмий Telegram-каналы

Официальный Telegram-канал Президента КР
Download Telegram
Президент Садыр Жапаровдун Почта кызматкерлеринин күнүнө карата куттуктоосу

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 9-октябрда, өлкөнүн почта кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосу:

“Урматтуу почта кызматкерлери жана бул тармактын кадырлуу ардагерлери!

Урматтуу мекендештер!

Кыргыз Республикасынын почта кызматы кагазга кат жазып же телеграмма жиберген учурлардан тартып, бүгүнкү заманбап санарип тейлөө кызматына же электрондук коммерцияга чейин бүтүндөй бир доорду камтыган 145 жылдык узак жолду басып өттү.

Почта кызматынын тарыхы Россия империясы менен СССР мезгилинен башталат. Мындан туура 145 жыл мурун азыркы Бишкек, мурдагы Пишпек шаарында биринчи почта бекети ачылган. Ошондон тарта алыскы аймактарды борбор шаарлар менен байланыштырууда, ошондой эле маалымат, посылка жеткирүүдө маанилүү каналга айланган. Совет доорунда почта инфратүзүмү активдүү өнүгүп, жер-жерлерде бөлүмдөрү кеңири ачылып, калкка почта кызматынын жеткиликтүү болушу бир кыйла жакшырган.

Кыргызстандын эгемендик жылдарында башка тармактардай эле почта кызматында дагы олуттуу өзгөрүүлөр башталган. Кыргызстан Бүткүл дүйнөлүк почта уюмунун толук укуктуу мүчөсү болуп, башка өлкөлөр менен эл аралык почта байланышын түзүүгө мүмкүндүк алган. Ошону менен катар почта кызматынын сапатын жогорулатуу жана анын кызмат көрсөтүү спектрин кеңейтүү жаатында бир топ иш-аракеттер жүзөгө ашкан.

Урматтуу почта кызматынын кызматкерлери!

Мына ушундай байсалдуу жолду басып өткөн өлкөнүн маанилүү тармагы бүгүнкү күндө сиздердин талбаган ишиңиздердин аркасында жаңы технологиялар, автоматташтырылган процесстер коштолгон бир топ натыйжалуу ийгиликтерге жетишти.

Биз сиздердин күн сайын миңдеген кат-кабарларды, посылкаларды кабыл алуу, иргөө, дарегине жолдоо, каржылык кызматтарды: акча каражаттарын накталай берүү, которуу, төлөмдөрдү кабыл алуу жана кызматтарга төлөө сындуу түйшүктүү ишиңиздерди жогору баалайбыз.

Ошону менен бирге, майрам күнү өлкөнүн почта кызматынын өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон жана бүткүл өмүрүн өз кесибине кызмат кылууга арнаган ардагерлерибизге ыраазычылык билдирип кетейин.

Бүгүнкү күндө почта кызматы – бул кадимки почта бөлүмдөрү гана эмес, бул заманбап санариптик технологиялардын чакырыктарына ийгиликтүү ыңгайлашып, дүйнө жүзү боюнча маалымат алмашууну тездетүү менен өлкө экономикасын өнүктүрүүгө жардам берген бүтүндөй бир инфратүзүм экенин баса белгилөөгө болот.

Өткөн жылы «Кыргыз почтасы» ачык акционердик коому Бүткүл дүйнөлүк почта уюмуна мүчө өлкөлөрдүн арасында почтаны өнүктүрүү боюнча дүйнөлүк рейтингде 98-орундан 29-орунга көтөрүлгөнү абдан кубантты.

Ушул тапта «Кыргыз почтасы» ачык акционердик коомунун электрондук сооданы кеңейтүүгө, логистикалык жана банктык кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүүгө, ошондой эле санарип дүйнөнүн керектөөлөрүнө ылайыкташтырылган почта кызматын жакшыртууга багытталган бир катар эл аралык долбоорлорду ишке киргизүү боюнча аракеттери колдоого арзыйт.

Урматтуу почта тармагынын кызматкерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар жана бул тармактын 30 жылдыгы менен дагы бир жолу куттуктайм.

Элдин аманатын жеткирүүдөгү ары түйшүктүү, ары жоопкерчиликтүү ишиңиздерди албан-албан ийгиликтер коштосун.

Сиздерге жана сиздердин үй-бүлөңүздөргө чың ден соолук, бакубат өмүр каалайм.

Майрамыңыздар менен!”.
Поздравление Президента Садыра Жапарова с Днем работника почтовой связи

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 9 октября, поздравил работников почтовой связи Кыргызской Республики с их профессиональным праздником.

Текст поздравления Главы государства:

«Уважаемые сотрудники почтовой службы, ветераны отрасли!
Уважаемые соотечественники!

Почтовая служба Кыргызской Республики прошла долгий путь длиной в 145 лет, охватывающий целую эпоху – от времен, когда письма писали на бумаге и отправляли телеграммы, до современных цифровых услуг и электронной коммерции. История почтовой службы начинается с периода Российской империи и СССР. Ровно 145 лет назад в нынешнем Бишкеке, тогдашнем Пишпеке, был открыт первый почтовый пункт.

С тех пор почтовая служба стала важным каналом связи между удаленными регионами и столицами, а также для передачи информации и доставки посылок. В советское время активно развивалась почтовая инфраструктура, открывались отделения на местах, что значительно улучшило доступ населения к почтовым услугам.

В годы независимости Кыргызстана, как и в других сферах, в почтовой службе начались значительные изменения. Кыргызстан стал полноправным членом Всемирного почтового союза, что позволило наладить международные почтовые связи с другими странами. Также было реализовано множество мероприятий по повышению качества почтовых услуг и расширению их спектра.

Уважаемые сотрудники почтовой службы!

Эта важная отрасль, пройдя такой долгий путь, сегодня достигла значительных результатов благодаря вашей неустанной деятельности, поддержанной новыми технологиями и автоматизированными процессами. Мы высоко ценим труд каждого из вас по приему, сортировке и доставке тысяч писем, посылок, а также оказанию финансовых услуг: выдаче наличных денежных средств, переводам, приему платежей и оплате услуг.

Также, хочу выразить благодарность нашим ветеранам, которые внесли значительный вклад в развитие почтовой службы страны и посвятили свою жизнь профессии. Сегодня почтовая служба – это не просто традиционные почтовые отделения, но и целая инфраструктура, которая успешно адаптируется к вызовам современных цифровых технологий, ускоряет обмен информацией по всему миру и способствует развитию экономики страны.

Прошлый год особенно порадовал тем, что открытое акционерное общество «Кыргыз почтасы» поднялось с 98-го на 29-е место в мировом рейтинге развития почты среди стран-членов Всемирного почтового союза. В настоящее время усилия открытого акционерного общества «Кыргыз почтасы» по реализации ряда международных проектов, направленных на расширение электронной коммерции, развитие логистических и банковских услуг, а также улучшение почтовых услуг в соответствии с потребностями цифрового мира, заслуживают поддержки.

Уважаемые работники почтовой отрасли!

Еще раз поздравляю вас с профессиональным праздником и 30-летием отрасли. Пусть ваш труд – сложный и ответственный по оказанию почтовых услуг населению – сопровождают большие успехи. Желаю вам и вашим семьям крепкого здоровья и благополучия.
С праздником!»
Президент Садыр Жапаров “Baykar Technology” Директорлор кеңешинин төрагасы Сельчук Байрактарды кабыл алды


Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 9-октябрда, “Baykar Technology” Директорлор кеңешинин төрагасы Сельчук Байрактарды кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө аскердик-техникалык кызматташтыкты тереңдетүү жана коргоонуу жаатындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Мамлекет башчысы “Baykar Technology” сыяктуу алдыңкы эл аралык компаниялар менен кызматташтыкты бекемдөө өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн жогорулатууда, улуттук аскердик-өнөр жай комплексин өнүктүрүүдө жана регионалдык коопсуздукту бекемдөөдө негизги ролду ойноорун баса белгиледи.

Сельчук Байрактар, өз кезегинде, “Baykar Technology” компаниясы Кыргызстан менен өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө даяр экенин айтып, чек аралардын коопсуздугун камсыз кылуу жана потенциалдуу коркунучтардын алдын алуу үчүн натыйжалуу токтотуучу факторду түзүү маселелеринде заманбап технологияларды колдонуунун маанилүүлүгүн белгилей кетти.

Жолугушуунун жүрүшүндө Президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын коргонуу жөндөмдүүлүгүн жана аскердик потенциалын чыңдоого кошкон зор салымы үчүн Сельчук Байрактарды “Даңк” ордени менен сыйлады.

Өз кезегинде Сельчук Байрактар Мамлекет башчысына канаттарында “Манас” эпосундагы негизги учурлар чагылдырылган “Акынжы” учкучсуз учуучу аппаратынын сувенир-макетин тартуу кылды.

****

Президент Садыр Жапаров принял Председателя совета директоров «Baykar Technology» Сельчука Байрактара

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 9 октября, принял Председателя совета директоров «Baykar Technology» Сельчука Байрактара.

В ходе встречи были обсуждены вопросы углубления военно-технического взаимодействия и реализации совместных проектов в сфере обороны.

Глава государства подчеркнул, что укрепление сотрудничества с такими передовыми международными компаниями, как «Baykar Technology», играет ключевую роль в повышении обороноспособности страны, развитии национального военно-промышленного комплекса и укреплении региональной безопасности.

Сельчук Байрактар, в свою очередь, отметил, что компания «Baykar Technology» готова к расширению взаимодействия с Кыргызстаном, подчеркнув важность применения современных технологий в вопросах обеспечения безопасности границ и создания эффективного сдерживающего фактора для предотвращения потенциальных угроз.

В ходе встречи Президент Садыр Жапаров наградил Сельчука Байрактара орденом «Данк» за его значительный вклад в укрепление обороноспособности и военного потенциала Кыргызской Республики.

В свою очередь Сельчук Байрактар подарил Главе государства сувенир – макет беспилотного летательного аппарата «Акынжы», на крыльях которого изображены ключевые моменты из эпоса «Манас».